Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады. Мындай демилгени ал 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда көтөрдү.Эмомали Рахмон дүйнөдөгү жана аймактагы энергетикалык кырдаалга байланыштуу маселе Борбор Азияга да таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.“Мен тиешелүү мекемелерибизге аймакта эң жаңы технологияларды колдонуу менен ири мунай иштетүүчү заводду...