Орто Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчылары Чолпон-Ата декларациясын кол койду

Саммит расмий түрдө аяктады



31-июлда Чолпон-Атада Орто Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын формалдуу эмес Консультативдик жыйыны аяктап, анда Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул документ өлкөлөрдүн регионалдык интеграцияны тереңдетүү, саясий ишенимди арттыруу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жалпы мамилелерин чагылдырат деп белгиледи.


Декларацияга кол коюлгандан кийин Жапаров саммиттин аяктаганын расмий түрдө жарыялады.


«Чолпон-Ата декларациясы биздин мамлекеттер арасында жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүүнү көрсөтүп, регионалдык туруктуулукту, коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнү күчөтүү үчүн биргелешкен иштерди улантуу ниетин тастыктаганын» - деди Кыргызстандын президенти.


Иссык-Кулда талкуу учурунда катышуучулар энергетика, транспорт, өз ара соода, ошондой эле туристтик потенциал жана маданий-гуманитардык байланыштар боюнча стратегиялык демилгелерди карашты.


Сүрөт www