
Кыргызстан президентинин «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар» аттуу жарлыгын долбоорунда жеке авто транспортун колдонууга тыюу салуу же чектөөлөр каралган эмес. Бул тууралуу борбордун мэриясынан билдиришти.
Муниципалитетте маалымдагандай, негиздемеде берилген транспорттук жүктөм жана тыгындар тууралуу маалымат аналитикалык мүнөзгө ээ жана жол тармактарындагы бар болгон коркунучтарды чагылдырат, бирок административдик чектөөлөрдү киргизүү үчүн негиз болбойт.
«Документтин негизги максаты 2026–2030-жылдар аралыгында борбордун жол-транспорт системасын комплекстүү өнүктүрүү болуп саналат. Долбоор инфраструктураны модернизациялоого, коомдук транспортту артыкчылык менен өнүктүрүүгө жана кыймылдын заманбап башкаруу технологияларын киргизүүгө багытталган, авто унаа ээлерине административдик тыюуларды киргизүүгө эмес», - деп белгилешти мэрияда. Ошондой эле, бардык чектөөлөр акырындык менен киргизилип, негизинен коомдук транспортко көңүл бурулат деп кошумчалашты.
Шаардык бийлик бардык курулуш жана транспорттук чечимдер ачык кабыл алынаарын, адистердин жана шаар тургундарынын пикирлерин эске алуу менен ишке ашырыларын баса белгилешти.
Сүрөт www