Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Канат Сагынбаев Талас облусуна жумушчу сапар менен барды. Сапардын негизги максаты — министрликтин райондук жана шаардык башкармалыктарынын иши менен таанышуу, мамлекеттик кызматтардын сапатын баалоо жана калкты тейлөө шарттарын изилдөө.
Таласта министр социалдык камсыздандыруу боюнча аймактык башкармалыкка барып, «Бала ырысы» мамлекеттик программасын ишке ашыруу процессин изилдеди. Сагынбаев башкармалыктын адистери менен сүйлөшүү өткөрүп, жаңы айлык жөлөк пул алгандар менен жолугушту. Ал алардын жөлөк пулдарды алуу боюнча пикирлерин жана суроолорун угуп чыкты.
Талас облусунда жөлөк пул алууга 9 миң 76 жаран арыз берген.