Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мунай продуктыларын жеткирүү боюнча кызматташтыктын кеңейиши импортту диверсификациялоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, рыноктогу атаандаштыкты жогорулатат жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев
«Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Жакында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда мунай жана энергетика тармагына байланыштуу меморандумдун кол коюлганын маалымдады. Бул документ мунай продуктыларын жеткирүү механизмдерин иштеп чыгуу жана энергетикада, анын ичинде кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду камтыйт.