Кыргызстанга Россия Федерациясы тарабынан БУУнун Азык-түлүк программасы аркылуу 1 957,3 тонна азык-түлүк жардам келди. Жүктүн курамында 1 755 тонна байытылган буудай унун жана 202,3 тонна өсүмдүк майы бар, ал Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга жеткирилди, деп билдирди эл аралык уюмдун басма сөз кызматы.
Бул гуманитардык жардам өлкө боюнча уязвимдүү үй-бүлөлөрдү колдоого, коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана майып адамдарга жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.