Ноокатта мыйзамсыз кум-таш аралашмасын казып алуу аныкталды
Ош облустук экология прокуратурасы Ноокат районунда мыйзамсыз кум-таш аралашмасын казып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Мамлекетке келтирилген зыян 18 миллион 239 миң 500 сомду түзөт.

Текшерүү учурунда Башкы прокуратура жер казынасын пайдаланган адамдар карьеровду иштетүүдө техникалык долбоорлор жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундулары менен белгиленген уруксат берилген тереңдиктерди ашырып кеткендигин аныктады.