Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетитинин окуудан четтетилген 800дөй студенттин маселеси чечилет. Алардын окуусу калыбына келтирилет. Бул тууралуу Би-Би-Сиге аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев билдирди. Жетекчинин айтымында, студенттер Орусияда окуп, Кыргызстанда аны тастыктай албай калган сабактарын кайра окушу керек болот.