Националдык госпиталдын жамаатына жаңы башкы дарыгер сунушталды




Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 31-июлда Улуттук госпиталдын жамаатына жаңы башкы дарыгерди сунуштады. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, бул кызматка Талантбек Курбаналиевич Арстанкулов дайындалды. Ал медицина илимдеринин кандидаты, доцент жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистр, саламаттык сактоо жана мамлекеттик кызматта 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар.
Професионалдык ишмердүүлүгүнүн жылдарында Талантбек Арстанкулов медициналык инфраструктураны модернизациялоого, санариптештирүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо системасына инвестиция тартууга багытталган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган.