Билим министрлиги мугалимдердин маяна сакталбаган мажбурий отпуск боюнча кайрылуусуна жооп берди. Ведомстводо өкмөттүн токтомуна ылайык, педагогдор үчүн жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү отпуск 56 календардык күндү түзөөрүн такташты. Жаңы кабыл алынган кызматкерлер үчүн отпусктун узактыгы иштеген убакытка пропорционалдуу эсептелет. Отпуск аяктагандан кийин мугалимдер өз милдеттерин эмгек мыйзамына ылайык улантышат.

Министрликте белгилешкендей, маяна сакталбаган отпуск кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана жумуш берүүчүнүн макулдугу менен гана берилет. Мындай арызды жазууга мажбурлоо болбойт.