Экономика министринин орун басары Беназир Нурланова түрк бизнесмендеринин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Талкуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-турк соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, сүйлөшүүнүн негизги акценти кыргыз жемиштеринин Түркия рыногуна экспортун көбөйтүү, логистикалык процесстерди жакшыртуу жана соода жана агроөнөржай комплексинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болду.