В Кыргызстанда президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун жетекчилиги менен эл аралык санкцияларды сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселесине арналган жумушчу жыйын өттү. Жыйын экономикалык жана соода министрлигинин демилгеси менен өтүп, Кыргызстан тарабынан санкциялык режимдерди айланып өтүүнүн алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чараларга эл аралык өнөктөштөрдүн оң баасын белгиледи.

Жыйында санкциялык тобокелдиктердин жогорулаган шарттарында иш алып барган компанияларды текшерүү боюнча жетишкендиктер, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан тереңирээк изилдөөнү талап кылган субъекттерди аныктоо боюнча иш-аракеттер белгиленди. Жыйындын катышуучулары конструктивдүү диалогду сактоо жана чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгына көңүл бурушту.