Кунтуу айылында, Кыргызстандын эл артисти жана кинорежиссер Актан Арым Кубаттын арт-резиденциясында, өлкөнүн эмгек сиңирген маданият ишмери Эркин Болжуровдун «Улиткадан» «Эсимде» деген аталыштагы жеке сүрөт көргөзмөсү жана галереясы ачылды. Иш-чара Кыргызстандын кинематографисттер союзунун уюштуруусу менен өттү.
Актан Арым Кубат белгилегендей, көргөзмө анын жеке чыгармачылыгынын жана Эркин Болжуровдун эмгегинин тарыхын гана эмес, акыркы отуз жыл ичинде көз карандысыз кыргыз кинематографиясынын өнүгүүсүн да чагылдырат.