
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги акыркы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда чыккан маалыматтарга жооп катары педагогикалык кызматкерлерге отпуск берүү тартибин түшүндүрүп жатат. Бул билдирүү жыл сайын берилүүчү акылы отпусктарды жана аксыз отпусктарды камтыйт.
Эңбек кодексине ылайык, кызматкерлер биринчи жумуш жылынан кийин жыл сайын берилүүчү акылы эмгек отпускуна укуктуу, ал белгиленген тартипте берилет. Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген педагогдор үчүн негизги узартылган акылы отпуск 2022-жылдын 15-июнундагы Министрлер Кабинетинин чечими менен 56 календардык күндү түзөт.