VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн 700 ыктыярчы тартылат. Бул тууралуу оюндун Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Белек Үсөнбеков 31-июлда журналисттерге билдирди.Анын айтымында, ыктыярчыларды тандоо быйыл мартта башталган. 700 адам Кыргызстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да тандалып алынган.Ыктыярчылар спорттук, маданий жана илимий иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт. Ошондой эле Көчмөндөр оюнунун ачылышын уюштурууга, келген конокторду, катышуучуларды - аэропорттордон,...