
Бишкек – Нарын – Торугарт трассасынын 138–139-келометринин ортосунда 1-августта түнкү саат 12ден 3кө чейин таш түшүү окуясы болду. Окуянын натыйжасында унаалардын кыймылы бир тилкеде жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерде Жол эксплуатациялоо ишканасынын №10 кызматкерлери иштеп жатышат, алар жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул максатта бир жүк көтөргүч, бир автогрейдер, төрт экскаватор жана төрт HOWO жүк унаасы тартылган.
Унаа кыймылын толук калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда.