Эл аралык Формула-1 боюнча суудагы мелдештер учурунда коомдук тартипти камсыздоо Иссык-Кулда укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эртең менен кызматкерлер инструктаж өткөрүп, коопсуздукту камсыздоо жана иш-чаранын алкагында жол кыймылын башкаруу боюнча милдеттерди белгилешти.