Орусияда 1-августта эртең менен Уфа шаарына украиналык учкучсуз аппараттар чабуул жасаганын Башкырстандын башчысы Радий Хабиров билдирди:"Уфага багытталган кезектеги дрон чабуулунун мизин кайтардык. Атып түшүрүлгөн дрондун кулаган сыныктарынан улам өнөр жай аймагында түтүн пайда болду".Украиналык мониторинг каналдары шаардагы өнөр жай аймагында чыккан бир нече өрттүн сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялашты."Аспекты" басылмасы окуя шаардын түндүк өнөр жай аймагында болгонун...