Бул жумада Бишкекте помидор, болгар калемпир, сәбиз, алма, кант жана өсүмдүк майынын баасы төмөндөдү. Ошол эле учурда огурец, картошка жана пияз кымбаттады. Натыйжада минималдуу азык-түлүк наборунун баасы 17 сомго төмөндөп, 7 миң 19 сомду түздү.
Биз ар жума сайын бир эле супермаркетке барып, белгиленген азык-түлүк наборунун бааларын мониторингдейбиз. Төмөндө биздин анализге киргизилген азыктар жана баалардын өзгөрүшүнүн себептери тууралуу толук маалымат берилген.