Бишкекте мыйзамсыз миграция каналын уюштурууга жана жасалма жумушчу жана окуу визаларын сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул схеманын катышуучулары 200дөн ашык адамдан болжол менен 1 миң доллар тапкан болушу мүмкүн, деп билдирди Бишкек ШИИБи.
Текшерүү 28-июлда, М. А. аттуу жарандын кайрылуусунан кийин башталды. Ал өз өлкөлашын Кыргызстанга кирүү, жашоо, жумуш жана окуу үчүн жасалма визаларды даярдоо жана сатуу менен алектенгенин билдирди.