Иссык-Куль облусунда эл аралык жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү менен байланыштуу автомобиль жолдорун сугаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Сугаруу түнкү убакта Чолпон-Ата шаарынан Тамчы айылына чейинки бөлүктө жүргүзүлөт.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чаралар жол жээгиндеги аймактын чаңдалышын азайтууга жана санитардык абалын жакшыртууга багытталган.