1-августка караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 139-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулап, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, жабыркагандар жок, түшкөн таштын көлөмү такталууда:"Жерине Балыкчы шаардык ӨКБдан ыкчам топ, №10 ЖТИден бир жүктөгүч, бир манипулятор, КР ИИМдин ЖКККББдан бир экипаж тартылган. Тартылган техниканын жардамында унаа жол бир тараптуу ачылып, тазалоо иштери...