
Дүйнөлүк суу-мотор спортунун F1H2O Гран-приинин алкагында Бишкекте 1-2-августта көрүүчүлөр үчүн көңүл ачуучу программа өтөт. Сорундун фан-зонасында белгилүү аткаруучулардын катышуусунда акысыз концерттер уюштурулат, бул тууралуу Кыргызстан суу-мотор спорт федерациясы билдирди.
Биринчи күн, 1-август, жергиликтүү артисттердин чыгыштары менен башталат. 17:00дөн 18:00гө чейин сахнада Мирбек Атабеков жана Малика Дина сыяктуу жылдыздар, ошондой эле башка аткаруучулар чыгыш кылышат. Андан кийин көрүүчүлөр Ne prosto orchestra, ошондой эле эл аралык жылдыздар Sabi жана Doni менен кубанышат.