ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын футбол конфедерацияларынын кескин нааразычылыгынан кийин дүйнө чемпионаттарын уюштуруу ишине жеке инвесторлорду тартуу сунушун кайтарып алды. "ФИФА биздин спортту өзүн жана досторун байытуу үчүн колдонгонду токтотушу керек", - деп билдирди УЕФА – Европанын футбол ассоциацияларынын союзу.