Италиянын түштүгүндө, Кампи-Флегрей аймагында 4,7 магнитудасы менен жер титирөө болду, анын натыйжасында 21 адам жабыркады, алардын экөө оор жаракат алды. Жер астындагы дүмпүүлөр 31-июлдун кечинде Неапольдун жанында катталды.

Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институтунун маалыматына ылайык, эпицентр болжол менен үч километр тереңдикте жайгашкан. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 19:46да болду, бул Бишкектин убактысына ылайык 23:46га туура келет.