Кыргызстанда кесиптик стандарттарды жаңылоо талкууланды
Кыргызстанда Улуттук квалификациялык системаны өнүктүрүү жана кесиптик стандарттарды жаңылоо боюнча иш уланууда. Бул темалар 31-июлда Улуттук квалификациялык кеңештин жыйынында талкууланды, деп билдиришти Эмгек министрлигинен.

Жыйын Социалдык маселелер боюнча өкмөт башчынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги астында өттү. Анда мамлекеттик структуралардын, иш берүүчүлөрдүн, профсоюздардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.