Бишкекте реконструкциядан кийин Ауэзов көчөсүнүн участогу ачылды
1-августта Бишкекте Жибек Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейин созулган Ауэзов көчөсүнүн жаңыланган участогунда кыймыл ачылды. Жолдун реконструкциясынын аяктаганы шаардык мэрия тарабынан расмий түрдө жарыяланды.

Бул участокто жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлардын ремонту жана курулушу жүргүзүлдү, инженердик коммуникациялар жаңыланды, ошондой эле суу агызуу системасы орнотулду.