2023-жылдын башынан бери төрт ири технологиялык компаниялар — Google, Amazon, Microsoft жана Meta — жасалма интеллект үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө 1,1 трлн доллардан ашык инвестиция салышты. Бул маалыматты Financial Times басылмасы корпорациянын финансылык отчетторуна таянып берди.

Негизги каражаттар дата-борборлорду курууга, аларды электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле серверлерди жана атайын чиптерди сатып алууга жумшалууда. Басылма 2026-жылга чейин бул компаниялардын жалпы капиталдык чыгымдары 745 млрд долларга жетиши мүмкүн деп божомолдойт.