Россия прокуратурасы Москвадагы Преснен райондук сотуна блогер Гусейн Гасановду алты жыл жалпы режимдеги колонияга соттоону сурап арыз берди. Бул чечим кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды легалдаштыруу боюнча иш менен байланыштуу.
Эркинен ажыратуу менен катар, мамлекеттик айыптоо 155 миллион рубль өлчөмүндө айыппул салууну жана эки жыл эркиндигин чектөөнү да талап кылууда. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы маалымдады.