Токаев: Бүгүн Кыргызстан таң калыштуу өсүү темптерин көрсөтүүдө
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин бейформал жыйынына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ал Кыргызстан президенти Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусу жана саммит уюштуруу боюнча демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Токаев Казакстан жана Кыргызстан элдерин бекем достук, тарыхый байланыш жана өз ара колдоо бириктирерин белгиледи. Ал Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү бүткүл региондун туруктуулугуна жана прогресске салым кошорун баса белгиледи. Казакстан президенти Кыргызстандын жетишкендиктерин жогору баалап, алар Жапаровдун акылман жетекчилигинин аркасында мүмкүн болгонун айтты.