Тогуз жаштагы Ибрахим Анарбековдун энеси Бишкекте ток уруп комага түшкөн окуянын трагедиялуу жагдайлары тууралуу айтып берди. Ал электр энергиясынын булагын аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырууда.
Анын айтымында, 26-июлда кечинде Ибрахим достор менен алтынчы микрорайондо, Айтиева көчөсүнүн жанында ойноп жүргөн. Балдар "Чыгыш таттуулары" павильонунун жанындагы суу толгон бетон арыкка киришкен.