Пермьден келген чек арачы ардагерлер Акматшы Тюменбаев атындагы мектепте болушту
Россиянын Пермь аймагынан келген делегация Кыргызстанга расмий сапар менен келип, анын алкагында чек арачы ардагерлер, мугалимдер жана кадеттер Иссык-Куль облусунун Чок-Тал айылындагы Акматшы Тюменбаев атындагы орто мектепке барышты. Сапар Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын чакыруусу менен уюштурулган.

Делегациянын курамына кыргыз чек арасында кызмат өтөгөн ардагерлер жана полковник Я. А. Вагин атындагы Пермь №136 мектебинин өкүлдөрү кирди. Сапардын негизги максаты эки өлкөнүн ардагерлери ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана жаштардын аскер-патриоттук тарбиясын өнүктүрүү болду.