АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары көрсөткөн сүрөттү жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШ лидери социалдык баракчасына жазган билдирүүсүндө Венесуэланын аймагы АКШнын желегинин түстөрүнө боёлгон картаны бөлүшкөн. Буга чейин Трамп АКШ Венесуэланын мунайын сатуудан “миллиарддаган доллар киреше таап жатат” деген. Ошондой эле Венесуэлада азырынча шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлө электигин кыйыткан. Өткөн жумада Financial Times басылмасы быйыл АКШ Венесуэланын мунайын сатуудан 13 миллиард доллардан ашык киреше тапканын эсептеп чыккан.АКШ менен Венесуэланын Каракаста бийлик алмашкандан кийинки жаңы келишимдерине ылайык, мунай сатуудан түшкөн каражат Вашингтон көзөмөлдөгөн эсептерге топтолот.