Украинанын учкучсуз учактары 2-августта Орусиянын Wildberries компаниясынын Самара шаарынын четиндеги Новосемейкино кыштаганда жайгашкан кампасына сокку урду.Соккудан кийин кампа өрттөнүп жатат.Чабуул жана өрт болгонун Wildberries компаниясы жана Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев ырастады.Украиналык Supernova+ жана Еxilenova+ Телеграм каналдары жергиликтүү тургундардын кыштакта кампага соккудан кийин коюу түтүн асманга көтөрүлүп, күйүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдү...