Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевдин адвокаты Бактыбек Жумашев “75чилердин каты” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди.Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов да райондук соттун өкүмүнө каршы кийинки инстанцияга арызданган. Бул иш боюнча айып тагылган башка алты адам шаардык сотко...