Кыргызстанда «Сууда Формула-1» боюнча биринчи мелдештер өтүп жатат. Зарыл инфраструктураны түзүүгө эки ай убакыт кетти, деп билдирди Мамлекеттик физкультура жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев. Ал бул спорттун түрүнүн чоң келечеги бар экенин белгиледи.

«Сууда Формула-1» мамлекеттик реестрге киргизилип, спорттун түрү катары расмий статус алды. Асанбаев 2027-жылы мелдештерди өткөрүүнү Мамлекеттик агенттик өзүнө алат деп кошумчалады.