2-августка караган түнү Орусия Украинага каршы 133 дрон менен сокку урду. Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, алардын 109у атып түшүрүлгөн, ал эми 24 дрон 19 жерге тийген.Харьков шаарында орусиялык дрондордун чабуулунан үч киши жаракат алды. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, сегиз жаштагы кыз жана 13 жаштагы өспүрүм жабыркаган, ошондой эле 74 жаштагы жаран медициналык жардам алган. Кийинчерээк Синегубов Новобаварск районундагы жеке...