Никол Пашинян кайрадан Армениянын премьер-министри болуп дайындалды

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян Никол Пашинянды, «Гражданский договор» партиясынын лидерин, премьер-министрлик кызматка дайындады. Дайындауу тууралуу жарлык өлкөнүн президентинин расмий сайтында жарыяланды.
Премьер-министр Пашинян Конституцияга ылайык өкмөттүн отставкасын жарыялады. Убакыттуу иштеп жаткан министрлер кабинети жаңы курам түзүлгөнгө чейин ишин улантат.

Парламенттик шайлоолордо «Гражданский договор» партиясы шайлоочулардын 49,74% добушун алып, 64 мандатка ээ болду, бул ага өкмөттү өз алдынча түзүүгө жана Пашинянды аткаруу бийлигинин башчысы кызматында кайрадан көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.