
Япониянын Кумамото префектурасындагы күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 38ге жетти, деп билдиришти жергиликтүү бийликтер.
Кырсыктын аймагында 210 эвакуациялык борбор ачылды, анда 9,2 миңден ашык адам жайгаштырылды. Чогултулган 1,6 миңден ашык үй-бүлө электр жарыгынан, 46,8 миңи суу менен камсыздоодон, ал эми 8,7 миңи газдан ажыратылган.
7,1 магнитудадагы жер титирөө бейшемби күнү Кюсю аралында, эпицентри 16 километр тереңдикте болду. Табигый кырсык натыйжасында 3,4 миңден ашык имарат жабыркады, алардын 181и толугу менен талкаланды.