Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.7084.90
EUR100.50102.00
RUB1.1101.123
KZT0.19000.2030

обновление 29.11.2020 02:55:48

АКШ жумушчу жана студенттик визаларга төлөмдү азайтат

АКШ кыргызстандыктарга бериле турган студенттик жана жумуш визаларына төлөмдөрдү азайтат. Арзандаган сумманын баасы азыр так айтыла элек, тийиштүү процедурадан соң жарыяланып, быйыл 7-августта күчүнө кире турганын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Буга чейин визанын түрүнө жараша 160 доллардын тегерегинде төлөнгөн. Мындай макулдашууга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Жонатан Хеник Кыргызстанга сапарынын алкагында...


31.07.2019 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30084870.html

 
Loading...

Жарыялар