Кыргызча анекдот / апенди:

Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.

бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир

Кийинки анекдот/апендини оку

Loading...
покупка продажа
USD69.7069.88
EUR76.8577.85
RUB1.0891.098
KZT0.17900.1830

обновление 22.09.2019 22:40:44

Аба ырайы: Бишкекте 40 градус ысык болот

8-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40; Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31; Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус...


07.08.2019 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30097353.html

 
Loading...

Жарыялар