Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.8069.90
EUR76.5077.60
RUB1.0801.105
KZT0.17500.1830

обновление 17.11.2019 08:52:49

Иракта митингдерде каза болгондордун саны 35ке жетти

Багдат менен өлкөнүн түштүгүндөгү кээ бир шаарларда 1 -  октябрдан бери «жумушсуздук, коррупция жана коомдук тейлөөнүн жоктугунан» өкмөткө каршы митингдер өткөрүлүүдө.


04.10.2019 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2019/10/04/irakta-mitinghdierdie-kaza-bolghondordun-sany-35kie-zhietti-1281787

 
Loading...

Жарыялар