Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1801.230
KZT0.12000.1920

обновление 14.06.2026 06:02:02

Жылкы жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3 | 4
»

04.12.2020 Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңди
Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling (UWW) виртуалдык турниринде жеңди. UWW Instagram баракчасында кыз-келиндер күрөшүнүн атактуу өкүлдөрүнүн мыктыларын тандаган онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы... www.azattyk.kg

01.12.2020 Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов АФКнын Аткаруучу комитетинин жыйынына катышты
25-ноябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) 2019-2023-жылкы чакырылышындагы Аткаруучу комитетинин алтынчы жыйыны онлайн режимде өттү... www.super.kg

05.11.2020 Словак парламенти Чехословакиянын Компартиясын кылмыштуу уюмга теңеди
Словакияда парламент шаршембиде көчөлөргө, коомдук жайларга коммунисттик, фашисттик жана нацисттик режимдердин өкүлдөрүнүн атын коюуга тыюу салды. Мыйзамга киргизилген алымча-кошумчага ылайык, эстеликтерге, мемориалдык такталарга да мындай режимдин с... www.azattyk.kg

14.10.2020 Жапаров паспортко "улуту" деген графа кайра киргизилерин айтты
Кыргызстанда 2017-жылкы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги тууралуу маалымат алып салынган. Бирок ал электрондук форматка өткөрүлгөн.... sputnik.kg

«
1 | 2 | 3 | 4
»