Кыргызча анекдот / апенди:

Эшмат Ташмат
Эшмат жолдо арканын суйроп келе жатса алдынан Ташмат чыгып сурайт эмне суйроп алгансын десе анан эмне туртуп алайынбы дептир.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR91.2092.20
RUB0.9951.030
KZT0.12000.1900

обновление 25.02.2025 16:45:23

Иим жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»

26.07.2023 Прокуратура органдарынан тергөө укугу алынды
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду. Аны Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынып, ал Ички иш... www.azattyk.kg

26.07.2023 Чолпон-Атадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында эс алуу жайлардын биринде эки адамдын өмүрүн алган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 26-июлда Бишкекте өткөн брифингде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызма... www.azattyk.kg

24.07.2023 ИИМ Динара Кутманованын уулу эл аралык издөөдө болгонун билдирди
Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кыргызстандан качан, кандай жол менен кеткени тууралуу маалымат берди. Ошондой эле 27-июндан бери эл аралык издөөдө болгонун... www.azattyk.kg

01.07.2023 "Фейсбуктагы посттон улам суракка чакырышты"
Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин, андан кийин 1-июлда ИИМдин Тер... www.azattyk.kg

01.07.2023 Активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге кайрадан суракка кирди
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 1-июлда саат 11де Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка кирип кетти. ИИМ ага карата "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болго... www.azattyk.kg

01.07.2023 Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге сурак берип чыкты
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди. "Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, саат 23кө чейин суракка... www.azattyk.kg

Жарыялар

29.06.2023 "Кээсин окуганга үлгүрбөдүк". Парламент топ-тобу менен кабыл алган документтер
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга кетердин алдында 50дөн ашык мыйзам долбоору менен токтом долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алды. Документтердин көбү экинчи жана үчүнчү окууда каралып жатат деген негизде талкуусуз өттү. Парламент депут... www.azattyk.kg

22.06.2023 ИИМ эл аралык издөөдөгү эки жаран Испания, Орусиядан кармалганын билдирди
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол аркылуу издөө жарыялаган эки жарандын бири Испаниянын борбору Мадриддеги аэропорттон, экинчиси Орусиянын Новосибирск шаарындагы аба майданынан кармалганын билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы кабарла... www.azattyk.kg

21.06.2023 Мектепти бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту камсыздоого 5 миңдей кызматкер тартылат
Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатын же орто билими тууралуу күбөлүгүн алган күнгө байланыштуу өткөрүлүүчү кечелерде коопсуздукту 5 миңдей милиционер камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 21-июнда билдирип,  бүтүрүүчүлөрдү, а... www.azattyk.kg

12.06.2023 Кеминде сууга чөгүп кеткендердин биринин сөөгү табылбай жатат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кемин районунун Орловка шаарында көлмөгө түшүп кеткен эки кишинин биринин сөөгү 11-июнда табылганын билдирди. Дагы бирин издөө иштери улантылып жатканын жана ага беш куткаруучу тартылганын кабарлады. Мекеме 10-июн... www.azattyk.kg

07.06.2023 "Унаанын" машинелерди каттаган системасы дагы үзгүлтүккө учурады
Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу "Унаа" мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди. Учурда анын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Мекеме мындан улам айдоочулардан кечирим ... www.azattyk.kg

Кыймылсыз мүлк

05.06.2023 ИИМ убактылуу кармоочу жайдан качкан адам тууралуу маалымат берди
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 5-июнга караган түндө, саат 1ден өткөндө Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен адам тууралуу маалымат берди. Анда 1994-жылы туулган Кушубек Сабыровго издөө жарыяланганы, ага "адам өлтүрүү" өңдүү би... www.azattyk.kg

28.05.2023 ИИМ добуш сатып алууга байланыштуу делген видеону териштирип жатат
Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов Ленин округу боюнча өтүп жаткан парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш сатып алууга байланыштуу деген видео текшерилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын маал... www.azattyk.kg

15.05.2023 Ноокенде милиция кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө
Жалал-Абад облусунда инкассатордук кызматта иштеген милиционердин өлүмү иликтенүүдө. “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 15-майда Ноокенде болду, милиционер өзүн өзү кызматтык куралдан аткан деп божом... www.azattyk.kg

08.05.2023 ИИМ: Чүйдө жергиликтүү депутат кылмышка шектелип кармалды
Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматына Чүйдүн Достук айылынын бир нече тургуну кайрылган. Алар Пригородное а... www.azattyk.kg

01.05.2023 Таластагы уурулук: Таш бараң чакырыгы ИИМге ишенбестикпи?
Таластагы мал базарда болгон окуя кызуу талкуунун чордонунда. Социалдык тармактарда “ууру жазасын алышы керек”, “милиция аларды калкалайт” деген өңүттөгү пикирлер жазылууда.... www.bbc.com

Авто-мото

26.04.2023 Тергөөнү ким адилет жүргүзөт: чекист, прокурор же милициябы?
Кыргызстанда тергөө функциясын Башкы прокуратурадан ИИМ же УКМКга өткөрүү демилгеси талкуунун чордонунда. Президенттин администрациясы Кылмыш-Процессуалдык кодекске айрым өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.... www.bbc.com

22.04.2023 Башкы прокуратурадан тергөөнү алуу долбоору талкууга коюлду
Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлду. Анда д... www.azattyk.kg

15.04.2023 Үч айда жол эрежесин бузгандардын айып пулу 119 миллиондон ашты
Жыл башынан берки үч айда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖККБ) тарабынан жол эрежесин бузган 234 303 айдоочу аныкталды. Аларга жол кыймылынын эрежеси тууралуу мыйзамга ылайык айып пул салынып, ма... www.azattyk.kg

14.04.2023 ИИМ “Аю” компаниясынын эки кызматкери кармалганын кабарлады
Ички иштер министрлиги “Аю” ишканасынын заводу тинттүүгө алынып, 260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Токмок... www.azattyk.kg

11.04.2023 ИИМ: Абхаз номурлуу машинелердин каттоо маселеси качан чечилери белгисиз  
Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов абхаз номурлуу автоунааларды каттоо маселеси качан чечилери белгисиз экенин билдирди. Парламенттин 11-апрелдеги тармактык комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жат... www.azattyk.kg

Кызматтар

10.04.2023 Кемпир-Абад иши: абактагылар парламентке кайрылды
Массалык башаламандыкка шектелип кармалган саясатчы, активист, блогерлер абактан кат жазып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Алардын кайрылуусун жакындары таратты. Анда абактагылар алты айдан бери кылмыш ишине байланыштуу эч кандай далил таб... www.azattyk.kg

02.04.2023 Бишкекте шаардык милиция башчыны иштен алууну талап кылган акция өтөт
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында 3-апрелде митинг өтөт. Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын билдиришинче, нааразылык акциясына чыккандар шаардык милиция башчы Азамат Ногойбаевди иштен алынышын талап кылышат. Мунун алдында Ички иштер... www.azattyk.kg

14.03.2023 Алдамчылыкка шек саналып кармалган Эрмек Нургазиев үй камагына чыкты
Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору Эрмек Нургазиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, ага байланыштуу иш Алам... www.azattyk.kg

07.03.2023 Чүй, Нарын облустарынын милиция башчылары алмашты
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Асаналиев  Нарын облустук милиция башчысы болуп дайындалды. Дамирбек Исаков Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчылыгынан кетип, Чүй облустук милициясына жетекчи болду. Бул тууралу... www.azattyk.kg

06.03.2023 Оштогу милициянын кайрылуусу ИИМдеги алешемдикти ашкереледиби?
Ош облусунда милиция кызматкери жетекчилик тарабынан куугунтукка кабылганын айтып, президентке кайрылды. Учурда прокуратура менен ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүп жатат.... www.bbc.com

04.02.2023 Кыргызстанда милициянын 100 жетекчисине тартип жазасы берилди
Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ар кайсы бөлүмдөрүнүн 100 жетекчисине түрдүү тартип жазалары берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы би... www.azattyk.kg

02.02.2023 Шаардык сот “Азаттыктын” УКМКга каршы арызын канааттандырган жок
2-февралда Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. 26-январда болгон отурумда “Азаттыктын” адвок... www.azattyk.kg

16.01.2023 ИИМ уюшкан кылмыштуу топтор боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатат
Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоо... www.azattyk.kg

14.01.2023 Кримтөбөлдү кайра каматкан Оштогу мушташ
Ош шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган окуяга катыштыгы бар делген үч жаран кармалып, дагы экөө издөөдө. 13-январда үрөй учурган бул кылмышты уюштурду делген шек менен кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Оштун милициясы бул окуяны криминалдык топторд... www.azattyk.kg

12.01.2023 Орусияда эки миңдей кыргыз жараны камакта отурганы, алардын 30% аялдар экени айтылды
Орусияда эки миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурганын 12-январда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди. Депутат алардын 1001и... www.azattyk.kg

10.01.2023 Милиция акцияга чыккандарды кармады
Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандардын арасынан 27 кишини милиция кармап, кайра кое берди. Алар алгач Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чогулуп, укук коргоо кызматкерлеринин талабынан кийин Мак... www.azattyk.kg

10.01.2023 Кемпир-Абад иши: акцияга чыккандар кармалды
Бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындарын Горький гүлбагына бараткан жеринен милиция кармап кетти. Жүздөй киши алгач ИИМдин алдына чогулуп, абактагыларды үй камагына чыгарууну, тергөөнү бейтарап жүргүзүүнү жана мыйзамд... www.azattyk.kg

05.01.2023 Мас айдоочунун күбөлүгү алынат
Мас абалда рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн убактылуу ажыратууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алды. Эгерде мас айдоочу биринчи жолу кармалса бир жылга, дагы кайталанса үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. ИИМ жол эрежес... www.azattyk.kg

05.01.2023 ИИМ: Былтыр 13 миң мас айдоочу кармалган
Кыргызстанда былтыр милициянын колуна түшкөн мас айдоочулардын саны 13 миңден ашканын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы бул көрсөткүч 12 миң болгон. Мас болуп алып машина айдагандарды айдоочулук күбөлү... www.azattyk.kg

27.12.2022 Рэкетир окуясы: ИИМ тогузун кызматтан алды, толтура кызматкерге сөгүш берди
Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтор менен милиция жетекчилери кошо кармалган окуядан кийин, ИИМ областтык милициянын начальниги А. Жумабековду баш кылып, тогуз кызматкерди кызматтан алып, үчөөн ички иштер органдарынан биротоло айдап, ондон ашы... www.bbc.com

26.12.2022 "Бандиттерден корккон кызматкерлерге милицияда орун жок"
Кочкор районунда ишкерлерге күн көрсөтпөй келаткан рэкетирлер менен кошо райондук милициянын жетекчилери кармалгандан кийин, ИИМ кадр, тартип жана жоопкерчилик боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алган жатат.... www.bbc.com

30.11.2022 ИИМ: "Каржы пирамидасын" түзгөн эки киши өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн
Кыргызстанда турак жай кооперативи деп “каржы пирамидасын” уюштурууга шектүү эки адам өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу бүгүн 30-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ички иштер министринин орун басары Нурбек А... www.azattyk.kg

30.11.2022 Бишкекте милиция кызматкерлерине карата жети кылмыш иши козголгон
2022-жылдын тогуз айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлерине карата жети кылмыш иши козголгон. Бул иштердин алкагында 17 милиция кызматкери жоопко тартылды. Бул маалыматты башкармалыктын жетекчиси Азамат Ногойбаев Фейсбук... www.azattyk.kg

04.11.2022 ИИМ тогуз айда козголгон кылмыш иштеринин 56% ачылганын билдирди
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 4-ноябрда кезектеги коллегиясын өткөрүп, быйылкы тогуз айда жасаган ишинин жыйынтыгын талкуулады. Жыйында ички иштер министринин 1-орун басары Адыл Бийбосунов менен орун басары Сүйүнбек Ниязбеков аткарылган иштер т... www.azattyk.kg

«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»