Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.70
EUR94.7095.70
RUB0.9500.980
KZT0.14000.2050

обновление 25.04.2024 17:40:10

Мунапыс жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2
»

01.01.2021 Баш кесерлерге президенттик ырайым. Америкалык аскер бизнесинин келечеги
Жылдын жана АКШнын азыркы президентинин тактыдагы соңку айы мунапыс берүү менен коштолду. Бул ирет Дональд Трамптын алдына мурда ырайым тууралуу ооз ача да албагандардын тизмеги келген.... sputnik.kg

17.12.2020 Бюджетке зыян келтирген ишкерлерди бир шарт менен жазадан бошотуу сунушталууда
Демилгечи депутат мунапысты ишкерлер гана колдоно аларын, анын мамлекеттик кызматкерлерге тиешеси жок экенин белгиледи.... sputnik.kg

24.11.2020 Экономикалык мунапыс: казынага канча каражат түштү?
Экономикалык мунапыс алкагында казынага 572 миллион сом каражат түштү. Казынага акча төккөндөр арасында Бажы кызматынын мурунку аткаминери Райымбек Матраимов бар экени белгилүү, калган чиновниктерди ысымдары аталбай жатат.... www.bbc.com

24.11.2020 Абактан бошотулгандар боюнча ачык маалымат берүү тууралуу талап коюлду
Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда абактан бошотулган эки жүздөн ашуун адам тууралуу маалымат коомчулукка ачык жарыяланышы керек. Мындай талап 24-ноябрда президенттикке талапк... www.azattyk.kg

22.10.2020 Экономикалык мунапыс жыйынтык береби?
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялаганын билдирди. Мунапыс берүү менен мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга болобу? Бул жараянды ишке ашырууда аткаминерлердин, жалпы ... www.azattyk.kg

25.09.2020 AI: Пандемияда кыргызстандык дарыгелердин укуктары көп бузулду
Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары бузулганы тууралуу докладын жарыялады. 25-сентябрда жарык көргөн баяндамада уюм дарыгерлер менен медайымдар адаттагыдан көп, «абактагы... www.azattyk.kg

Жарыялар

25.09.2020 Түркмөн президенти 815 кишиге ырайым берди
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата камактагы 815 кишиге ырайым берди. Тиешелүү жарлыкка 24-сентябрда кол коюлган. Мунапыска илингендердин арасында үч чет өлкөлүк жаран бар. Түркмөнстанда президент т... www.azattyk.kg

«
1 | 2
»