Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Covid-19 глобалдык пандемия катары жарыяланганына жарым жыл болдуДүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 вирусун глобалдык пандемия катары жарыялаганына 11-сентябрда алты ай болду. Алгач Кытайда тарап баштаган вируска 188 мамлекеттеги 28 миллиондон ашуун киши кабылды, 900 миңдей адам вирустан көз жумду. 11.09.2020 : www.bbc.com источник: http://www.bbc.com/kyrgyz/world-54100487 |
Loading...
|
Жарыялар |