Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.1400.210
KZT0.95500.9750

обновление 27.04.2024 15:05:18

жайнак жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

03.04.2024 Баткен театры заманбап имаратка муктаж
Баткенде Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 18 жыл болду. Театр ушул тапта жылына он чакты чыгарманы сахналаштырып, көрармандарга тартуулайт. Жакында алар Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде Султан... www.azattyk.kg

23.04.2021 Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталат
Баткенде бүгүн “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы башталат.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу муз... www.azattyk.kg

30.12.2020 Бүгүн КТРКнын директору шайланат
Октябрдагы саясий окуялардан кийин КТРКнын мурдагы жетекчиси Жайнак Үсөн уулу кызматтан кетип, 15 адам талапкерлигин көрсөткөн.... sputnik.kg

04.12.2020 «Кытайда "Манас" менен комузду угуп чоңойгом»
Кытайлык кыргыз Гүлмира Макелек кызы Муса Баетовдун «Сагынам», Апаз Жайнаковдун «Кыргыз жери», Нурак Абдракмановдун «Сага» аттуу обондорун ырдап жүрөт. Ал өзү ыр жаратып, ага обон да жазат. Анын обондору эл арасында ырдала баштады.... www.azattyk.kg

07.10.2020 Байкоочу кеңеш КТРКда баскынчылык болгонун айтууда, каналда эки жолу жетекчи алмашты
Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңеши 7-октябрда билдирүү таратып, белгисиз адамдар тобу өз алдынча жана мыйзамсыз түрдө башкы директордун милдетин аткаруучу кылып Мирлан Самыйкожону дайындаганын билдирди. Маалыматта Самыйкожо Байкоочу ке... www.azattyk.kg