Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Венгрия да кошулду

Кыргызстанга кирүүгө  уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Венгрия да кирди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Азаттыкка" билдиргендей, уруксат берүүдө башка мамлекеттердеги коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал эске алынып жатат. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө жалпы 33 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат бар.  Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен бул тизме айына эки жолу текшерилип, толукталып турат. Алгоритм боюнча...


29.09.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30863800.html

 
Loading...

Жарыялар