мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШда президенттикке талапкерлердин телетаймашы башталат29-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байдендин алгачкы телетаймашы болот. Президенттик шайлоого беш жума калганда уюштурулган телетаймаш Огайо штатындагы Кливленд шаарында өтөт. Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден Трампка каршы ушул аптада «New York Times» гезити жазып чыккан иликтөөнү колдонот деп күтүлүүдө. Басылма жарыялаган иликтөөгө ылайык Трамп 2016-жылы, жаңыдан президент болгондо 750 доллар өлчөмүндө гана федералдык киреше салыгын төлөгөн.... 29.09.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30864682.html |
Loading...
|
Жарыялар |