Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6088.86
EUR95.0096.00
RUB0.9300.975
KZT0.13000.2100

обновление 29.04.2024 01:05:16

А. Ашуров: Шайлоочу өзүнүн калемсабы менен белги койсо, электрондук үкөк жараксыз кылат

Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен сыйлыгынын лауреаты, кыргызстандык укук коргоочу активист Азизбек Ашуров Би-Би-Сиге берген кыска маегинде парламенттик шайлоодогу өзү күбө болгон негизги мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди.


05.10.2020 : www.bbc.com

источник: http://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-54416458

 
Loading...

Жарыялар